ЖОГОРКУ КЕӉЕШТИН ТѲРАГАСЫ НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ИМАРАТТАРДЫН АБАЛЫН КѲРДҮ.

Бүгүн, 20-мартта Нарын облусуна иш сапары менен келген  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин тɵрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку Кеӊештин депутаттарынан, министрликтердин ɵкүлдɵрүнɵн турган расмий топ Нарын шаарынын эки обьектисинде болуп, имараттардын абалы менен таанышты.

Жогорку Кеӊештин тɵрагасы алгач Нарын шаарындагы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бɵлүмүнүн имаратын кɵрдү.

Белгилей кетсек, бул имарат 1952-жылы кесиптик техникалык окуу жайы катары курулуп, кийин Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунун карамагына алынган. 2008-жылга чейин облустук кургак учукка каршы күрɵшүү борбору болуп кызмат кɵрсɵтүп келген.

Иш сапары учурунда Жогорку Кеӊештин тɵрагасына аталган имаратка кɵп жылдан бери капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлбɵгɵндүгү жана 2017-жылы Жер титирɵɵгɵ туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери тарабынан пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарылгандыгы айтылды.  Жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү тɵрагадан бул имараттын ордуна жаӊы имарат куруу боюнча маселени чечип берүүсүн ɵтүнүштү. Тɵрага бул ɵтүнүч эске алынаарын айтып, быйыл болбосо да эмдиги жылдын бюджетине киргизүү аракети кɵрүлɵɵрүн убада кылды.

Мындан кийин расмий топ Нарын шаарындагы Калкты тейлɵɵ борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул жерде дагы негизги кɵйгɵй катары имараттын тардыгы билдирилди. Борбордун кызматкерлеринин ал-жайын сураган тɵрага эӊ негизгиси калкты тейлɵɵдɵ сылык мамиле керектигин айтып, иштерине ийгилик каалады.

Калкты тейлɵɵ борборунун имаратынан чыгып бара жаткан учурда шаар тургуну Эрнис Орозобаевдин кичинекей ак калпакчан неберелерине назары түшкɵн Дастанбек Жумабеков алар менен сүрɵткɵ түшүп, балдардын апасына таттуу алып берүүсүн ɵтүнүп 5000 сом берди. Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев да балдарга 100 доллар карматып, батасын арнады.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     

 

Добавить комментарий