Нарын шаарында эскертүү берилгенине карабай жол боюнан алынбай жаткан курулуш материалдар чогултулуп кетет

Кечээ 2-апрелде, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри А.Суранов баштаган топ, борбордук Ленин кɵчɵсүнүн жол боюнда жаткан курулуш материалдарды жыйноо иш аракеттерин жүргүзүп баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Буга чейин жол боюндагы курулуш материалдарды жыйнап, короосуна киргизип алуу же таштанды тɵгүүчү  жайга алып баруусу бир нече ирээт эскертилгенине карабастан,  жүздɵп саналган учурдан кээ бири жылдап алынбай, шаардын кɵркүн бузуп келет.

Мындай жагдай Шералиев кɵчɵсүндɵ да кеӊири орун алган. Аталган кɵчɵдɵгү үйлɵрдү атайын топ кыдырып, белгиленген мɵɵнɵттɵ курулуш материалдары жол боюнан жыйналып алынбаса, муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан жүктɵлүп кетилээри эскертилди.

Белгилей кетсек,  бул иш чара Нарын  шаарын тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү боюнча мэрия тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында жүргүзүлүүдɵ.

Добавить комментарий