ЖЫЛДЫ ЖЫЙЫНТЫКТАГАН ЖЫЙЫНДАР

Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларда 2018-жылдын жыйынтыктарын чыгарууга арналган жыйындар ɵткɵрүлүүдɵ.

Бүгүн шаардагы маданият жана спорт тармагындагы мекемелерде жыйындар уюштурулуп, жыл ичиндеги жетишкендиктер менен кɵйгɵйлүү маселелер ортого салынды.

Социалдык тармактагы жыйындарга Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова катышып, ийгиликтерди жана кетирилген кемчиликтерди белгилɵɵ менен алдыга бир катар милдеттерди койду.

Добавить комментарий