ЖѲЛѲКПУЛ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ.

Бүгүн Нарын шаарында «Социалдык коргоо жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу чɵйрɵсүндɵгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаӊы ченемдери коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Ѳзгɵртүү киргизилүүчү мыйзам актылары мамлекеттик жɵлɵкпулдардын түрлɵрү, бала тɵрɵлгɵндɵ бир жолу берилүүчү тɵлɵм «балага сүйүнчү», 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлɵлɵргɵ берилүүчү жɵлɵкпул маселелерин камтыйт.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын  Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Эмгек жана социалдык ɵнүгүү башкармалыгынын ɵкүлдɵрүнүн жана балдарына мамлекеттик жɵлɵкпул алган шаар  тургундарынын катышуусунда аталган долбоордун жаӊы ченемдери талкууланды.

Анын негизинде коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбооруна ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү боюнча бир катар сунуштар киргизилди.

Тактап айтканда, «балага сүйүнчү» бир жолку жɵлɵкпулун берүүдɵ тоолуу региондун шарттарын эске алуу; жɵлɵкпул чектɵɵнү бала 18 жашка чыккыча улантуу; пенсия жана майыптыгы боюнча алган пособие, үй буюмдары, транспорт жана чет жерде иштеп тапкан үй-бүлɵлүк кирешелер балдар  үчүн жɵлɵкпулдун чектелишине таасир этпɵɵсү зарылдыгы; мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар энелерге жɵлɵкпул чектеп берүү жана пенсияга чыгуусун камсыздоого кɵӊүл бурулуусу сыяктуу сунуштар болду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.  

 

Добавить комментарий