Ж. АКИМАЛИЕВ ПАРКЫНА 600 ТҮП АЛМА БАГЫ ОТУРГУЗУЛДУ.

6-май күнү Нарын шаарындагы Ж. Акималиев атындагы паркка «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомунун демилгеси менен 600 түп «карлик» алма багынын кɵчɵттɵрү отургузулду.

Коомдун мүчɵлɵрүнүн маалыматы боюнча, аталган жаштар коому үстүбүздɵгү жылдын январь айында мамлекетке пайдалуу иш кылуу, жаштарды кайрымдуулукка тарбиялоо максатында уюштурулган.

Курамында 7 облустун ɵкүлдɵрү болгондуктан жаштар коому тарабынан жыл башынан бери ар бир облуска ар кандай маанидеги кайрымдуулук акциялары жүргүзүлүп келет.

Кайрымдуулук акцияларын коомдун ишкердик менен алектенген, колунда бар мүчɵлɵрү ыктыярдуу каржылайт.

Ушул акциянын алкагында Нарын шаарына жана Нарын районунун Эмгек Талаа айылына алма багынын кɵчɵттɵрү тигилди.

Ж. Акималиев паркындагы бак тигүү иш чарасына Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов жана аталган коомдун мүчɵлɵрү, Нарын шаарынын жаштары катышты.

Жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү тарабынан жаштардын мындай демилгесине тереӊ ыраазылык билдирилип, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов «Кыргызстан жаштар ынтымагы коомунун» мүчɵлɵрүнɵ Нарын шаардык мэриясынын Ыраазылык каттарын тапшырды.

Добавить комментарий