Ж. КОҢУРБАЕВА АТЫНДАГЫ ШААРДЫК КИТЕПКАНАДА ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын шаардык Ж. Коңурбаева   атындагы китепканада Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Улуттук тилдин 32 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык иш- чарага Нарын шаарындагы окуучулар, акын- жазуучулар жана Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова катышты.

Майрамдык  иш- чарада улуттук тил күнүнө карата көркөм окуулар болуп, тилге арналган чыгармаларды камтыган китептердин көргөзмөлөрү уюштурулуп, кыргыз тилине арналган  улуу чыгармалардын автору   Сүйүнбай Эралиевдин өмүр  баяны тааныштырылды.

Ошондой эле жаш акын жазуучулардын калеминен жаралган чыгармаларды  авторлор көркөм окушуп,шаардык маданият кызматкерлери чакан концерт коюп беришти.

 

 

 

Добавить комментарий