Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 7-декабрда көптөн күткөн Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ушул жылдын 28-мартында шаардын борбордук аянтынын түндүк жагынан орун алган  жер тилкесине аталган  мектептин курулушуна капсула салуу аземи өткөн. Жыл айланбай балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын курулушу 31-августта аяктап, пайдаланууга берилип жатканы шаардыктарды жана чыгармачылыкка кызыккан ар бир мектеп тарбиялануучуусун кубандырбай койгон жок.

Салтанаттуу кызыл тасма кесүү аземге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбеков, Жогорку Кенештин депутаттары, тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, шаар тургундары катышышты.

Ч.Турсунбеков өз сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын саамалык менен куттуктап, тез аранын ичинде жана жогорку сапатта курулуш иштерин аткарган “Имарат Прогресс” фирмасына ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө искусство мектебинин жамааты жана окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Имаратты куруу үчүн мамлекеттин казынасынан 41 694 390 сом акча каражаты жумшалып, 5 548 510 сом ички эмеректерди алууга каралган.

Аталган мектепте 215 окуучу музыкалык билим алууда, анда 14 атайын класстык бөлмөлөр, жалпы өтүлүүчү сабактар үчүн 5 класстык бөлмө, 164 орундуу концерттик зал орун алган. Азыркы учурда 26 мугалим эл аспаптар, баян-аккордеон, фортепиано, хор-теория, хореография, театр боюнча сабактарды берип келишет. Жаңы имараттын шартына байланыштуу келээрки жылга сүрөт, акындык өнөр, Манас таануу бөлүмдөрүн ачуу пландаштырылууда.

Ошондой эле Россиянын Свердловск шаары менен  келишим түзүлүп, 4 млн.892 миң 249 сомго мектепке керектүү жабдуулар алынып келип, ага музыкалык аспаптар жана эмеректер алынды.

Ал эми мектептин мурунку имараты 1938-жылы кадимки билим берүү мекемеси катары салынып, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлгөн эмес, имарат авариялык абалга келип, кулап калуу коркунучун жаратып келген. Имарат орто мектепке ылайыкталып, атайын музыкалык ийримдерди өткөнгө шарттар жок болгондуктан, искусство мектебинин жамааты жана окуучулары атайын шарт түзүлгөн имаратка муктаж болуп келген.  Нарын шаардык мэриясы тарабынан имараттын коридорлоруна килемдер алып берилди.

Добавить комментарий