Ж. ШЕРАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ИСКУССТВО МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Бүгүн, 23-августта Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы балдар исскуство мектебине директор болуп Абыраев Талантбек Зарылыкович дайындалды.

Талантбек Абыраев 1972-жылы 26-октябрда Нарын районунун Он-Арча айылында жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык студияны жана С. Нааматов атындагы НМУну музыка мугалими адистиги боюнча аяктаган. 1993-1994-жылдары Он-Арча айылдык маданият үйүндө клуб башчысы, 1999-2012-жылдары Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде мугалим, 2012-жылдан бери аталган мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы А. Дардаиловдун 2019-жылдын 23-августундагы кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйругунун негизинде Талантбек Абыраев аталган кызмат ордуна отургузулду.

Бул иш чарага Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышты. Шаар мэри маданият бөлүмүнүн жана Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин жаңы дайындалган жетекчилерине ийгилик каалап, ошону менен бирге шаардын маданият тармагын көтөрүү боюнча бир катар иш милдеттерин койду. Маданият кызматкерлери менен кеңири баарлашып, аларды биргелешип натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

Добавить комментарий