ЗОРДУК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ ЖАЛПЫ КООМЧУЛУКТУН АРАКЕТИ ЗАРЫЛ

Нарын шаарында үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери талкууланды.Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырованын жетекчили алдында өткөн талкууга шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рысбек Балбаев, Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй бүлөнү колдоо жана балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Султаналиева, үй бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Ибарат Ишекеева, билим берүү бөлүм башчысы Кубан Мамбетов, аймак башчылар, соц педагогдор аксакалдар соту катышышты.Бүгүнкү күндө Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 52 учур аныкталып, өсүш байкалган.Мындан улам тийиштүү кызматтар түзүлгөн иш-пландарды ишке ашырууну колго алып, кооптуу учурларды алдын алуу аракеттерин көрүү белгиленди.«Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштарды болтурбоо максатында иш алынып барылууда. Бирок зордук зомбулукка каршы иштөөчү кызматкерлердин айрымдары берилген иш милдеттерди аткарбай коюп жатасыздар, канчалаган окуулар өткөрүлдү, эми жыйынтык көрсөтүү зарыл, алдыда дагы оор абалдарды аныктоо боюнча окуу-семинарлар өтөт толук катышып, алган тажрыйбаларды иш учурунда колдонуп натыйжа чыгаралы»-деди вице-мэр.Ошондой эле балдарды коргоо боюнча түзүлгөн иш пландарды ишке ашыруу, сектор аралык кызматташууну жакшыртуу . Зомбулук боюнча кооптуу учурду токтоосуз, учурунан кечиктирбестен тийиштүү кызматтардын баардыгына кабарлоо тапшырылды.

Добавить комментарий