«ИЙГИЛИКТҮҮ АЙМАК» ДОЛБООРУ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ КѲРСѲТҮҮНҮН САПАТЫНА БАА БЕРДИ.

Жакында Нарын шаардык мэриясында USAID уюмунун ɵкүлдɵрү менен Нарын шаардык мэриясынын, шаардык Кеӊештин депутаттарынын жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин башын кошкон отурум болуп ɵттү.

Мында USAID уюму тарабынан ишке ашып жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун алкагында Нарын шаарындагы муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүнүн сапатына анализ жасалды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен иштɵɵгɵ жана алардын ишин жакшыртууга, сапаттуу кызмат кɵрсɵтүүгɵ, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы аймактар арасында тажрыйба алмашууну күчɵтүүгɵ багытталган.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери ишке ашып жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоору  USAID уюму тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү жана Ѳкмɵтттүн алдындагы Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен ɵнɵктɵшүп иш алып барууда.

Долбоордун алкагында жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү системасын түзүүгɵ, жергиликтүү бюджеттин киреше бɵлүгүн туруктуу кармоого, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү калктын ортосундагы ажырымды жоюуга кеп-кеӊештер берилет.

Отурумда Нарын шаарындагы муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүнүн сапатына баа берилди. Эми калк арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик менен калктын ортосунда кайсы маселелер боюнча ажырым бар экени аныкталат. Ушундан кийин ажырымды жоюунун үстүндɵ иш башталат. Долбоор 2021-жылга чейин улантылмакчы.

 

 

Добавить комментарий