ИНТЕРНАТ АЙМАГЫНА САЛЫНГАН СЕЙИЛ БАК ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Нарын шаарынын Интернат чөлкөмүнүн жашоочулары үчүн сейил бак салынып, пайдаланууга берилди.Сквердин айланасы тосулуп, жарыктандырылып, балдар ойноочу жай уюштурулуп,Тротуар салынып, отургучтар орнотулду.Эми алдыда жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми бак-дарактардын көчөттөрү күз жана жаз мезгилинде отургузулат.Сейил бак шаардык бюджеттен 971 миң сомго жасалды. Жарыяланган тендерден жергиликтүү “G&A компани” аталышындагы ишкана утуп, аткарды.Чакан ачылыш аземине катышкан Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жергиликтүү жашоочуларга, скверге аяр мамиле кылуу менен пайдаланууну айтып, мүмкүнчүлүк жаралса кошумча шарттар түзүлөөрүн белгиледи.

Добавить комментарий