Искусство мектеби окуу жылды ийгиликтер менен аяктады

 

Бүгүн 23-майда, Ж.Шералиев атындагы Нарын шаардык балдар искусство мектеби ɵзүлɵрүнүн 2013-2014-окуу жылын жыйынтыктап жатып, мугалимдердин жана окуучулардын күчү менен даярдалган отчеттук концертин беришти.

Ага шаар мэри Б.Жээналиев, вице-мэр С.Эсенаманова, ата-энелер жана башка коноктор катышышты.

Концертте мектептин тарбиялануучулары комузда кол ойнотуп кыргыздын залкар күүлɵрүн, ошондой эле  фортепианодо дүйнɵлүк классикалык музыкаларды, мугалимдерден турган ансамбль ооз комуз чертип кɵпчүлүккɵ эргүү тартуулашты.

Ал эми мэр, ɵз сɵзүндɵ балдардын талантына суктанып, келечекте алардан мыкты комузчу, пианист, ырчы чыгаарына тереӊ ишеничин билдирип, аларды музыкага тарбиялап жаткан мугалимдерге жана колдоп жаткан ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, жакында мектептин демилгеси астында Нарын облустук «Жаш музыкант-2014» кароо-сынагы уюштурулуп, жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлдү. Анда фортепиано, комуз жана ырдоо болуп үч жанр боюнча сыноо жүргүзүлдү. Сынакка келгендер фортепиано боюнча бир кɵлɵмдүү чыгарма, эки этюд жана пьеса аткарышса, комуз жанры боюнча бир кара күү, эки терме жана кол ойнотмо күүлɵр аткарылды.

Жыйынтыгында фортепиано жанры боюнча 1-орунду аталган мектептин окуучусу А.Кубанычбековага, комуз жанры боюнча Ат-Башы районунанТ.Жумабековго, ал эми ырдоодон Ак-Талаа районунан Сагун у. Кайратка берилди.

Добавить комментарий