«ИСЛАМ ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ЫНТЫМАКТЫН  ЖАРЧЫСЫ” ҮГҮТ БРИГАДАСЫ НАРЫН ШААРЫНДА ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ ЧАРАСЫН ӨТКӨРДҮ

 

 

 

КР Коопсуздук Кеңешинин диний экстремизмге жана терроризмге каршы протоколдук тапшырмасынын алкагында “Ислам тынчтыктын жана ынтымактын жарчысы» аттуу  иш чара Нарын шаарында өттү. Иш чарага облустук үгүт кербендин мүчөлөрү жана Нарын шаарынан жана Нарын районунан тийиштүү кызматкерлер катышышты.

 

Түшүндүрүү иш чарасына катышкант Нарын шаарынын мэри Канболот Мусаев “Урматтуу жыйындын катышуучулары, Сиздер менен бирге чогулуп, түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүзүп, элибизди, өзгөчө жаштарыбызды, өспүрүмдөрүбүздү ынтымакка, ыймандуулукка, сабырдуулукка, сабаттулукка, сарамжал болууга  үйрөтүп, ысырапкорчулуктан сактанууга чакыралы. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча жарлыгын  аткарууга алып,  калк арасында жеткиликтүү түшүндүрүү зарыл деп эсептейм. Бул боюнча Нарын шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, бүгүнкү күнү тийиштүү чаралар көрүлүп жатат” -деди

Жыйында калктын турмуш-тиричилигинде өзгөчө маркумду коюу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний экстремизмге, терроризмге каршы көрүлүп жаткан аракеттер талкууланып, жарлыктын талаптарынын аткарылып жаткандыгы угулду.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий