ИЧКИ АРЫКТАРДЫН АБАЛЫН ЖАКШЫРТУУ ИШТЕРИ ЖҮРӨТ

Мэр Самарбек Болотбеков шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нарынбек Өмүракунов менен ички арыктарды жасоо жана оңдоо маселесин талкуулады.Нарын шаарын жашылдандыруу көрктөндүрүүдө өзгөчө ролу бар арык системасын жаңыртуу, жаңы арыктарды жана сууну агызып чыгаруучу жайларды салуу демилгеленип, каржылоо булагы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.Ички иригациялык системага көнүл буруу менен шаарды жашылдандыруу, көркөндүрүү иштерин жакшыртуу зарылчылыгын белгилеген шаар башчысы өз мезгилинде ички арыктардан суу агып тургудай иштерди жасоону ишке ашыруу үчүн суу өткөөлдөрүн жасап, шаардын көпүлүк бөлүгүн сугат суу менен камсыздоо боюнча атайын долбоо даярдоону тапшырып ишке ашырууга колдоо көрсөтөөрүн айтты. Нарын шаарында 40 чакырым арык бар. Басымдуу бөлүгү оңдоону талап кылат.Учурда пайдалануудагы ички арыктарды жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери таштандыдан тазалап, айланасындагы отоо чөптөрдү жок кылуу иштери шаардын РТС чөлкөмүндө журүп жатат. Ушундай эле жумуштар эртең 30- июнда Интернат аймагында улантылат.Мындан сырткары гүл челектер сырдалып, көркөмдөлүүдө.

Добавить комментарий