ИЧКИ КӨЧӨДӨГҮ ТОПТОЛГОН СУУНУ АГЫЗУУ ҮЧҮН АРЫК ЧАБЫЛАТ

Нарын шаарындагы Андабеков-Богаачы көчөлөрүндө жаандан кийинки суу топтолуп, өтүүгө мүмкүн болбой калган.Бул жердин абалын көргөн Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү кызмат башчыларына сууну агызууну тапшырып, арык чабууну жана тийиштүү бөлүктөрүнө латок, түтүк жаткырууну белгиледи.Калаа башчысы жолдогу көл болуп калган сууну агызуу ишин жүргүзүү учурунда арыктарга түтүктөрдү алып берүүнү ошол көчөдө соода-сатык жана башка ишкердик кылган ишкерлер менен да сүйлөшүп керектүү жабдууларды сатып алууга акча каражатын чогултуу боюнча келишишти.Мэр К. Тутуев бул маселени тез аранын ичинде, сапаттуу жөнгө салууну тапшырды.

Добавить комментарий