Иш кагаздарды талапка ылайык жүргүзүү зарыл

Кечээ 17-июлда, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын» талаптарын кайталоо боюнча семинар болуп ɵттү.

Семинарга  мэриянын аппарат жетекчиси К.Чымылдаков, облустук мамлекеттик архивинин бɵлүм башчысы К.Маматбаев, шаардагы бардык мекеме, ишканалардын иш кагаздар менен иштеген кызматкерлери, мэриянын адистери катышышты.

Семинардын негизги  максаты – шаардык мекеме ишканаларда башкаруу документ менен камсыз кылууну мындан ары ɵркүндɵтүү жана иш кагаздарын уюштурууну жакшыртуу.

Ал эми семинардын жүрүшүндɵ катышуучуларга уюштуруу-тескɵɵ документтеринде реквизиттердин колдонулушун, документтер менен иштɵɵнү уюштуруу, делолордун номенклатурасын түзүү боюнча кеӊири маалыматтар берилип, арыз-даттануулар жана иш кагаздар менен иш алып баруу  боюнча жана башка берилген суроолорго жооп ала алышты.

 

 

 

Добавить комментарий