Иш кагаздардын жүргүзүлүшүн тартипке салуу аракети көрүлүүдө

Бүгүн, 22-июнда Нарын шаарында иш кагаздар боюнча семинар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Семинарды Нарын шаардык мэриясы уюштуруп, ага шаар мэри Р.Адиев, мэриянын аппарат жетекчиси К.Чымылдаков баштап, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери  жана иш-кагаздар менен иштөөчү адистер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Семинардын негизги  максаты – документтердин жүгүртүлүшүн тартипке салуу, даярдалыш сапаттарын жогорулатуу, документтердин сакталышын жакшыртуу, ошондой эле шаардык мекеме ишканаларда башкаруу документ менен камсыз кылууну мындан ары ɵркүндɵтүү, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын» талаптарын кайталоо болуп эсептелет.

Эки саатка созулган семинарда Нарын облустук мамлекеттик архивинин бɵлүм башчысы Кубанычбек Маматбаев тарабынан башкаруу документтер менен иштɵɵнү уюштуруу, уюштуруу-тескөө документтеринде реквизиттердин колдонулушу, делолорду, мекеменин бланктарын түзүү, документтердин сакталышын уюштуруу  боюнча кеӊири слайд презентацияланды.

Анын жүрүшүндө иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана анын абалы үчүн жоопкерчилик мекеменин жетекчисине, ал эми түзүмдүк бөлүмдөрдө алардын жетекчилерине жүктөлөөрү белгиленди. Ошондой эле Типтүү нускаманы бардык кызматкерлер окуп үйрөнүүсүн уюштурууга мекемелердин жетекчилери милдеттүү экендиги айтылды.

Ал эми катышуучулар кызыктырган суроолорун берип,  иш-кагаздарды жүргүзүү боюнча пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, жыл башында мындай семинар Нарын шаардык мэриясы тарабынан  атайын билим берүү кызматкерлери үчүн  уюштурулуп өткөрүлгөн.

Добавить комментарий