Кɵзɵмɵлчүлүк Кеӊешинин курамы түзүлүүдɵ.

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81-мыйзамынын негизинде социалдык чɵйрɵдɵгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги кызмат кɵрсɵтүүлɵрдү кɵзɵмɵлдɵɵ максатында Кɵзɵмɵлчүлүк Кеӊеши түзүлүп иш алып барат.

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында Кɵзɵмɵлчүлүк Кеӊешинин курамы түзүлүүдɵ. Кеӊешке мүчɵ болууну каалагандар Нарын шаардык мэриясына кайрылышса болот.

Социалдык чɵйрɵдɵгү мекемелерде же коомдук иште тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары; ишкер чɵйрɵлɵрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чɵйрɵ мекемелеринин ɵкмɵттүк эмес жана эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин ɵкүлдɵрү Кеӊешке мүчɵ боло алышат.

Кеӊеш 15 адамдан ашык эмес санда түзүлɵт.

Социалдык чɵйрɵдɵгү мекемелердин Кеӊешинин сапаттык курамын тандоону жана түзүүнү атайын комиссия жүзɵгɵ ашырат.

Кеӊештин курамынын ыйгарым укуктарынын мɵɵнɵтү аны бекиткен учурдан тартып 3 жылды түзɵт. Бир эле адам чексиз жолу Кеӊештин мүчɵсү болууга укуктуу.

Социалдык чɵйрɵдɵгү мекеменин уюштуруучулары болуп саналган адамдар, ошондой эле мекемеге башчылык кылган жетекчилер Кеӊештин мүчɵсү боло алышпайт.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы

Добавить комментарий