Кɵп балалуу энелер кɵптɵн күткɵн сыйлыктарын алышты

Бүгүн, 8-июлда КР Президентинин 2014-жылдын 15-майындагы №105,106 жарлыктарынын негизинде Нарын шаарынын кɵп балалуу энелери «Баатыр Эне» ордени жана «Эне Даӊкы» медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы  Э.Качкымбаева билдирет.

Иш-чара Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, 1-вице-мэр А.Сурановдун катышуусунда болуп ɵттү. Шаар башчылары мамлекеттик сыйлык ээлерине жылуу тилектерин жолдошуп, маданият кызматкерлери тарабынан чакан программадагы концерт тартууланып, сыйлуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаары боюнча 395 баатыр энелер бар болсо, бүгүн алардын саны дагы 26га кɵбɵйдү.

Маалымат үчүн айтсак, шаар боюнча эӊ жаш баатыр эне болуп, 1980-жылы туулган, жети баланын апасы Акунова Айзада табылды.

Добавить комментарий