КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН ФАСАДДАРЫН ОҢДОО ИШТЕРИН УЮШТУРУУГА АЙМАК БАШЧЫЛАРЫ ТАРТЫЛАТ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев көп кабаттуу турак жайлардын фасаддарын оңдоо иштерин тездетүүнү жана күз мезгилине чейин сырткы көрүнүшүн оңдоо муктаждыгы бар баардык кабаттуу үйлөрдү актап, сырдоону уюштурууга чөлкөм кызматкерлерин жардам берүүгө чакырды.

Калаа башчысы баардык турак жайлардагы жашоочулар менен жолугушууларды уюштуруп, үйлөрдүн сыртын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан аракетке кызматкерлер жашоочулар кол кабыш кылыш керек экендигин түшүндүрүүнү тапшырып, кабаттуу үйлөр жана андагы жашоочулар тууралуу так маалыматтарды топтоп чыгууну тапшырып, бул максатты ыкчам ишке ашыруу зарылчылыгын белгиледи.Ошондой эле калаа башчысы бул иштин жүрүшүн жакшыртуу максатында кошумча жумушчуларды жана техника тартылаарын маалымдап, ыр кесесинен түшкөн каражаттын эсебинен кошумча кыржылоо жүргүүзү керектигин айтты.

Добавить комментарий