КАЛКТЫ ТЕЙЛѲѲ БОРБОРУ ЖАРАНДАРГА ЖЕРИНДЕ МОБИЛДИК КЫЗМАТ КѲРСѲТѲТ.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Нарын шаардык калкты тейлɵɵ борбору тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү реестринин негизинде электрондук документтештирүү боюнча мобилдик кызмат кɵрсɵтүлɵ баштады.

Мунун негизинде облустун бардык аймактарына барып, калкты каттоого алуу, документтештирүү жана жарандык абалдын актысын каттоо иштерин жүргүзүүгɵ мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мобилдик кызмат кɵрсɵтүүнү жүзɵгɵ ашыруу максатында 13-июлда Нарын шаардык калкты тейлɵɵ борборуна бардык керектүү техникалык каражаттар менен жабдылган кичи автобус берилди. Касса, сүрɵт жана башка кызмат кɵрсɵтүүлɵрдүн бардыгы ушунда камтылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Нарын шаардык калкты тейлɵɵ борборунун улук оператору Зарина Аскарбекованын айтымында, бул кызмат алыскы айылдардын жашоочулары үчүн абдан ыӊгайлуу. Бул үчүн тигил же бул айылдын эли же жамааттар биригип Калкты тейлɵɵ борборуна билдирүү жиберүүсү зарыл. Билдирүүнүн негизинде борбордун кызматкерлери жеринде барып кызмат кɵрсɵтүшɵт.

Кызмат кɵрсɵтүү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, карылар үйүнүн жашоочуларына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ошондой эле жетим балдарга жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына акысыз.

Ал эми башка жарандар үчүн жеринде кызмат кɵрсɵтүүнүн баасы: бир жаранга 1616 сом, 10дон 19 адамга чейинки жарандар тобуна бир киши үчүн 725 сом, 20дан 29 адамга чейинки жарандар тобуна 1 кишиге 415 сом, 30дан 99 адамга чейинки жарандар тобуна 1 кишиге 312 сом, 100дɵн 299га чейинки жарандар тобуна 1 кишиге 240 сом, 300дɵн 599га чейинки жарандар тобуна 1 кишиге 171 сом, 600дɵн кɵп жарандар тобуна 1 кишиге 154 сомдон.

Кошумча маалымат алуу үчүн 5-71-09, 5-71-10 номерлерине чалып байланышсаӊыздар болот. Дареги: Нарын шаары, Ленин кɵчɵсү 19, Бакыт үйүнүн имараты.

Добавить комментарий