КАНАДАНЫН ѲКМӨТҮНҮН ӨКҮЛДӨРҮ ГИС-ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА НАРЫН ШААРЫНЫН ЭЛИНЕ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШТЕРГЕ ОҢ БААСЫН БЕРИШТИ

30-майда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов Канадын Ѳкмөтүнөн келген өкүлдөрдү  Ж.Сараватти жана К.Мортан айымдарды, MSDSP KG коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Алгач  шаар мэри шаарда аткарылып жаткан долбоорлор менен таанышууга келген меймандарга терең ыраазычылык билдирип, шаар тууралуу жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашып жаткандыгы  жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Анда 2014-жылдан бери Нарын шаарында MSDSP KG коомдук бирикмеси  мэрия  менен кызматташуусунун негизинде, “Жарандык коом демилгесин колдоо” долбоорунун алкагында, Ага Хан Фондусунун жана Канада Ѳкмөтүнүн 300 миң Канада долларлык каржылык колдоосу менен “ГИС- технологиясын колдонуу менен Нарын шаарынын биргелешкен пландаштыруусун жогорулатуу” долбоорун ишке ашырып, Нарын шаарынын геоинформациялык картасы иштелип чыкканы айтылды.

Мындан сырткары шаар мэри эл аралык уюмдардын, инвесторлордун жардамы менен инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар иштер аткарылып, мэриянын негизги партнерлорунун бири Ага Хан Фондусунун колдоосу менен ишке ашкан Смарт Парк, медициналык борбор, Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, Борбордук Азия Университетин  жана башка долбоорлорду атап өттү. Ошондой эле шаар башчысы 2017-2020-жылдарга карата Нарын шаарынын өнүктүрүү стратегиясына инфраструктуралык 17 долбоор киргизилгенин маалымдады.

Жакында Бишкек шаарында өткөн “Форум городов — 2017” иш чарасына Нарын шаарынан барган топ  ГИС боюнча кеңири маалымат берип, долбоор форумга катышкан башка шаарлардын кызыгуусун жаратканын белгилеп, 2018-жылы шаарлардын форумун  Нарын шаарында өтүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгы жыйында белгилүү болду. Аны уюштуруп өткөрүү үчүн шаарда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдардан колдоолор керек экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Канаданын Ѳкмөтүнүн өкүлдөрү ГИС долбоорунун Нарын шаарында ишке ашуусуна, аны менен бирге шаар элинин жашоо-турмушун жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган иштерге оң баасын беришти. Ал эми мэр Э.Алымкулов мындан аркы кызматташуу улана беришине тилектештигин билдирди.

Добавить комментарий