КАНИСА ЧУҢГУЛОВА АПА ШААР МЭРИ Н.МОЛДОКАДЫРОВГО ЫРААЗЫ

Каниса Чуңгулова апа учурда 83 жашта. Анын улуу баласы ыраматылык Муратбек Ибраев Ооган согушунда шейит болгон. Ал көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок.

Мына ушундай баатыр уулду тарбиялап өстүргөн апаны бүгүн, 6-мартта шаар мэри Нурбек Молдокадыров 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап акчалай жардам көрсөтүп,ала келген белек- бечкектерин тапшырып жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Буга чейин Нарын шаардык мэриясы тарабынан көптөгөн жардамдар берилгенин эске алган Каниса апа, шаар башчысына ыраазчылыгын айтып, ак батасын берди.

Муну менен катар Нарын облустук Афган согушунунун ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрөгасынын милдетин аткаруучу Токторбек Оморов атайын Россиядан Совет аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылышынын 31 жылдыгына карата берилген «В память о сыне — воине» медалы менен Каниса апаны сыйлады.

Майрамдык маанайды улай, шаар жетекчиси Нурбек Молдокадыров Баткен коогасында шейит болгон Улан Мухаммед уулунун апасы Дүйшөбүбү Боталиевага жана оруктун ардагери 95 жаштагы Калича Макешовага атайын майрамдык белектерин тапшырып, ушундай эл уулдарын тарбиялап-өстүргөн жана эл-жерге кызмат кылган энелерге ыраазчылыгын билдирди.

Эске салып өтсөк, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ушул күнгө мерчемделген Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуучу концерт өткөрүлгөн жок.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий