Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун 20 жылдык мааракесине карата илимий конференция болуп ɵттү

Бүгүн, 22-майда Нарын шаарында Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун 20 жылдык мааракесине карата илимий конференция болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Конференциянын негизги максаты — Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу тарабынан 20 жыл ичинде аткарылган иштер жɵнүндɵ кеӊири маалымат берүү жана алдыдагы келечектүү багыттар менен тааныштыруу.

Алгач конференциянын иш программасынын жүрүшү менен коруктун директору Б.К.Чороев тааныштырып, Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов иш чараны ачып, куттуктоосун жолдооду, ал эми кɵп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн айрым кызматкерлер Ардак грамота менен сыйланышты.

Куттуктоо үчүн сɵз Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге берилип,  ал ɵз сɵзүндɵ мааракеси белгиленип жаткан мекеме шаарыбыздын коомдук, кɵрктɵндүрүү жана жашылдандыруу иштерине активдүү катышып жатканын белгилеп, эмгек жамаатына ыраазычылык кат тапшырып, кызматтык милдеттерин аткаруудагы жетишкен ийгиликтери үчүн коруктун экоагартуу адиси Ж.Мидинованы, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ошондой эле иш чарага КР өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары  А.Чынкожоев, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Э.Турсуналиев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Жанбоев, Улуттук Илимдер Академиясынын, Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана илимий кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка чакырылгандар катышышты.

Конференциянын жүрүшүндɵ Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу жɵнүндɵ чакан видеотасма жана слайд кɵрсɵтүлүп, илимий доклад окулуп, канаттуулар жана ɵсүмдүктɵр дүйнɵсүнүн изилденишинин илимий багытындагы маалыматтар берилди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу 1994-жылы 1-мартта борбордук Тянь-Шяньдагы уникалдуу жаратылыш комплекстерин, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар, ɵсүмдүктɵрдүн түрлɵрүн сактоо, аймактагы жалпы экологиялык баланстын туруктуу абалын камсыз кылуу иш аракеттерин кɵрүү, жаратылыш процесстеринин табигый агымын сактоону изилдɵɵ, табигый шартта эркин кɵбɵйүүсүн камсыз кылуу жана чектеш аймактарга жайылтуу максатында комплекстик корук катары түзүлгɵн.

Добавить комментарий