КАРЫЛАРДЫ БАРКТАЙЛЫ

1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык Кеңеши куттуктоо иш чарасын уюштуруп, 80 жаштан жогорку курактагы 25 карыны үйүндө куттуктады. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттин жеңилдиктер беренесинин эсебинен 125 миң сом бөлүнгөн.

Социалдык фонд башкармалыгынан алынган статистикага ылайык  80 жаштан  90 жашка чейинки карыларга 500 сомдон, 90-жаштан 100 жашка чейинки карыларыбызга 1000 сомдон ал эми 100 жаштан өткөн карыларга 2000 миң сомдон акча каражаттары почта аркылуу которулуп берилди.

Мындан сырткары Нарын шаарынын вице-мэри  Назира Жумакадырова  Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары менен бирге 25  карылады үйүндө куттуктап, азык тулүк баштыктарын белек кылды.

Карыларды үйлөрүндө куттуктоо учурунда шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери да ата-энедерге арналган обондуу ырлдарды аткарып куттукташты

 

Добавить комментарий