КАТУУ ТАШТАНДЫЛАРДЫ СОРТТОО ЖОЛУ МЕНЕН ТАШТАНДЫЛАРДЫН КӨЛӨМҮН АЗАЙТУУ ЖАНА ҮЙРӨТҮҮ ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ТИЙИШТҮҮ МЕКМЕ ИШКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Эко-кыймылы Нарын шаарында долбоорунун алкагында өткөн окууга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын жашылдандыруу, Таза Нарын муниципалдык мекеме-ишкана жетекчилери долбоор өкулдөрү катышышты.Калаа башчысы донорлор менен иш алып барып, эң негизги маселе болгон таштанды маселесинде окууларды өткөрүп, урналарды коюп шаарыбыздын тазалыгы үчүн кол кабыш кылып жаткан шаар тургунлдарына өз ыраазычылыгын билдирип, ардак грамота тапшырды.Тренинг аркылуу тургундардын экологиялык маданиятын жана сабаттуулугун арттырып, жаратылышка кам көрүүп, катуу таштандыларды сорттоонү үйрөтүү максаты коюлган. Эко кыймылы Нарын шаарынан 2000 тургунду экологияны коргоо багытында окутушат.Долбоор “Биз жер планетасын ата-бабаларыбыздан мураска албайбыз, балдарыбыздан карызга алабыз! “ уранынын алдында иш алып барууда.

Добавить комментарий