КЕЛЕЧЕКТҮҮ ДОЛБООР УБАКТЫЛУУ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖАРАТУУДА.

Учурда Нарын шаарында түзүлгɵн суу маселесине байланыштуу кɵйгɵйлүү абал жетекчиликтин тыкыр кɵзɵмɵлүндɵ. Бардык тиешелүү кызмат адамдары күнү-түнү иш үстүндɵ болууда.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкы каржылаган «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун ɵкүлдɵрүн чакырып, ишти эртелетип сапаттуу бүткɵрүп берүү боюнча сүйлɵшүүлɵрдү жүргүздү. Кулумбаев кɵчɵсүнүн канализация системасын долбоорго кошумча киргизип берүүнү жана акча каражатын эртелеп чечип берүү жагын ɵтүндү. Долбоордун ɵкүлдɵрү иш жүрүп жаткан обьектилерде болуп, кɵйгɵйлүү маселелерди жеринде кɵрүштү.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү менен Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору 2016-жылы Жогорку Кеӊеш тарабынан ратификацияланган.

Долбоордун жалпы наркы 25 миллион еврону түзɵт. Ал эми баштапкы инвестициясынын наркы 5,2 миллион евро.

Баштапкы инвестиция боюнча курулуш иши кечеӊдеп олтуруп үстүбүздɵгү жылдын 29-июнунда башталган.
Анын негизинде Нарын шаарында үч аймакта: Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵ, Московский жана Чоӊ Алыш аймактарында жалпы 8,2 километр таза суу, 4,2 километр канализация түтүктɵрүн реконструкциялоо жумуштары бүгүнкү күнгɵ чейин тынымсыз жүргүзүлүп келди.

Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча ɵткɵрүлгɵн тендерде «Минур» жана «Профит-экспресс» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканалары жеӊүүчү деп табылган.
«Минур» ишканасы таза суу түтүктɵрүн алмаштырса, «Профит-экспресс» ишканасы канализация системасын орнотууда.

Долбоордун шарты боюнча курулуш иши эмдиги жылы бүткɵрүлмɵк. Бирок жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн ɵтүнүчү менен «Минур» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканасынын генералдык директору Нурлан Исмаилов кеч күзгɵ чейин жумуштарды бүтүрүп берүүнү убада кылган.

Бүгүнкү күндɵ таза суу түтүктɵрүн алмаштыруу жумуштарынын 85 пайызы бүткɵрүлгɵн. Жакын арада калганын бүткɵрүп, таза сууну жаӊы түтүктɵргɵ кошуу жумуштары башталат. Эгер жаӊы түтүктɵргɵ кошпой эски менен суу берген шартта эскилиги жеткен түтүктɵр кыш бою авариялык абал жаратаары шексиз. Ансыз да араӊ турган түтүктɵр жердин дыӊы бузулганда улам бир жеринен жарылып, айласыз абалга алып келүүдɵ.

Шаардагы жылуулук да суу түтүктɵрүнүн жарылып атканына байланыштуу убактылуу токтотулду. Ошондуктан кышында кылчылдап отурбай азыр бир аз кыйналып, келечектүү жумушту бүткɵрүп алууга аргасыз болуудабыз.

Долбоордун баштапкы инвестициясы ийгиликтүү аяктаса 2 жыл мурда 85 миллион сомго реконструкцияланган «Ак-Бечел» суу алуучу жайы толук кандуу ишке кирип, суу резервуарын толук пайдаланууга жана зарыл болгон аймактарга таза суу чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлмɵкчү.

Добавить комментарий