Келээрки жылы Ак-Коргон аймагына жаңы типтүү мектеп курулат

Бүгүн,  7-декабрда Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбеков өзүнүн Нарын шаарына болгон иш-сапарында  №9 А.Садыков атындагы орто мектебинин имараты менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Аталган мектептин имараты типтүү эмес болгондуктан 473 окуучу үч сменде окуп билим алышууда. Спорт зал, ашкана, китепкана жоктугунан окуучулар Ак-Коргон аймагынан борбордо жайгашкан ийримдерге, окууларга, спорттук секцияларга барып катышууга аргасыз. Ашкананын жоктугу башталгыч класстарга ысык тамак берүүдө ыңгайсыздыктарды жаратып, учурда мектеп жаңы имаратка муктаж.

КР ЖК төрагасы мектеп менен таанышуу учурунда келээрки жылы жаңы типтүү мектеп курулаарын билдирди. Ага жер аянты чечилип, курулушка даяр жана болжол менен 80 млн.сом акча каражаты керектелет.

Добавить комментарий