Китеп көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык

Бүгүн, 22 апрелде Нарын шаарындагы китепканаларда, жогорку окуу жайларда, мектеп, балдар бакчаларда 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнү белгиленди.

Мындай иш чаралардын бири шаардык Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепкананын коворкинг борборунда өттү. “Китеп билим багыты, окуп жашы, карысы” аталыштагы адабий кеченин башында “Китеп көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык” аттуу слайд көрсөтүлдү. Анда китеп маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы, илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты экендиги туурасында айтылып, көлөмдүү чыгармалар, айрым көп томдуу китептер жөнүндө маалымат берилди.

Адабий кеченин жүрүшүндө №8 А. Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучулары “Мени тандачы” деген китеп жөнүндө чакан көрүнүш чагылдырылса, №9 С.Садыков орто мектебинин окуучусу Кубанычбек уулу Элдияр “Тайлак Баатыр” жөнүндө дастандан үзүндү айтып берди.

Ошондой эле №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин 2-классынын окуучулары китеп жөнүндө ырларды, макал, лакап, жаңылтмачтарды айтып, кыргыз бийин бийлеп, жомоктон бир көрүнүш тартуулашты.

Андан соң  шаардын вице-мэри С.Эсенаманова  балдарга “Турмуш сырлары” аталыштагы китептен алынган кыска чыгармалардан окуп берди. Балдар турмуштан алынган окуяларды кунт коюп угуп, таасирленгендерин жашырышкан жок.

Учурдан пайдаланып окуучулар вице-мэр С.Эсенамановага китепке байланыштуу “биринчи окуган китебиңиз?”, “кыргыз адабиятына кызыгасызбы?”, “китеп окуганга канча убакыт бөлөсүз?”, “интернетке кандай карайсыз?” деген жана башка кызыктырган суроолорун беришти.

Адам китеп окуу менен дүйнө таанымы кеӊейет. Бирок техниканын өнүгүшү, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып бараткандай. Китептин көрүнүшүнө, сүрөттөрүнө эмес, мазмунуна  көңүл бөлүп окуу керек экендигин С.Эсенаманова белгилеп өттү.

 

Добавить комментарий