КОЛЛЕГИЯДА ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕР КАРАЛЫП, МИЛДЕТТЕР БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн, 4-апрелде Нарын шаардык мэриясында коллегиянын кезектеги жыйыны ɵткɵрүлдү.

Күн тартибинде Нарын шаарында ɵзгɵчɵ кырдаалдарды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жана Нарын шаарынын орто мектептериндеги башталгыч класстардын окуучулары үчүн берилип жаткан ысык тамактын сапаты тууралуу маселелер каралды.

Жыйында жогорудагы маселелер боюнча аткарылып жаткан иштер белгиленип, аны менен катар кетирилген айрым кемчиликтерди жоюу милдеттери тиешелүү кызмат адамдарына жүктɵлдү.

Ѳзгɵчɵ шаар калкынын коопсуздук маселесин тыкыр кɵзɵмɵлдɵɵ, суу гидранттарынын санын кɵбɵйтүү, мектептердеги берилип жаткан тамак-аштын сапатына, ысык тамак берүүнүн коопсуздугуна, ыӊгайлуулугуна кɵӊүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Коллегияда күн тартибиндеги негизги маселелерден сырткары чарбалык жумуштар боюнча да бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий