КОЛЛЕГИЯНЫН ЖЫЙЫНЫНДА ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ОЛУТТУУ МИЛДЕТТЕР ЖҮКТѲЛДҮ.

Бүгүн, 30-октябрда Нарын шаардык мэриясында коллегиянын кезектеги отуруму ɵткɵрүлүп, анда шаардын калкынын жана социалдык обьектилеринин күз, кыш мезгилине даярдыгынын абалы жана үстүбүздɵгү жылдын 9 айында социалдык, экономикалык тармакта аткарылган иштер боюнча маселе каралды.

Жалпысынан 9 ай ичинде шаарда бир катар алгылыктуу иштер аткарылганы белгиленди.

Аткарылган иштер менен бирге кемчиликтерге басым жасалып, алардын себептери иликтенди.

Ар бир тармак боюнча тапшырмалар берилип, тиешелүү кызмат адамдарына бир катар олуттуу милдеттер жүктɵлдү.

Добавить комментарий