КОММУНАЛДЫК ИШКАНАЛАР ОРТОСУНДАГЫ СПОРТТУК МЕЛДЕШ

Бүгүн Нарын шаарында шаарды коммуналдык жактан тейлеген мекеме-ишканалардын ортосунда спорттун 5 түрү боюнча 1-спартакиада старт алды.  

         «Региондорду ɵнүктүрүү жылына», шаардын 150 жылдык мааракесине жана 18-март-Тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнɵ карата Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бɵлүмү тарабынан уюштурулган спорттук иш чарага Жылуулук берүү, «Нарын суу-канал», «Таза Нарын» жана Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери катышууда.

Мелдеш спорттун волейбол, стол тенниси, аркан тартыш, кол күрɵш жана кичи футбол түрлɵрү боюнча ɵткɵрүлүүдɵ.

Спартакиаданын ачылышына Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышып, кесип ээлерине куттук арнап, алардын түйшүктүү эмгегинин натыйжасында шаар эли таза суу ичип, жылуу жана таза жашап жатканын баса белгиледи. Шаардагы ар бир коммуналдык мекеменин ишине баа берип, аларга тереӊ ыраазылык билдирди.

Коммуналдык ишканалардын арасындагы ынтымакты бекемдɵɵ, сергек жашоосун камсыздоо максатын кɵздɵгɵн бул спартакиада мындан ары салт катары жыл сайын улантыла бермекчи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы. 

 

 

 

Добавить комментарий