КОММУНАЛДЫК ЧАРБАНЫН ИШИ-ШААРДЫН ЖҮЗҮ

Бүгүн, 20-мартта Нарын шаардык мэриясы тарабынан Тиричилик жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш чара ɵткɵрүлдү.

Майрам ээлерин куттуктаган Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов шаардын жашоосунда коммуналдык чарба кызматкерлеринин алмаштыргыс орду бар экенин баса белгилеп, аларга жакшы тилектерди арнады.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов коммуналдык чарбанын иши шаардын жүзү экендигин, сырттан келген меймандар буга жакшы баасын берип жаткандыгын айтты. Ошондой эле Суу-канал, «Таза Нарын», Жылуулук берүү, Калкка муниципалдык кызмат кɵрсɵтүү ишканаларынын ар биринин түйшүктүү эмгегин, шаарыбызга кошуп жаткан салымын баса белгилеп, тереӊ ыраазылык билдирди.

Эмгек алдыӊкыларына Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ардак грамоталары, акчалай жана баалуу сыйлыктары ыйгарылды.

Ошондой эле быйыл экинчи ирээт салт катары ɵткɵрүлүп жаткан коммуналдык чарба кызматкерлеринин арасындагы спорттук мелдеш жыйынтыкталды.

Командалар арасындагы спорттук мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орунду ээлеген Жылуулук берүү ишканасына мелдештин кубогу, 1-даражадагы диплом жана 10 миӊ сом, экинчи орунду ээлеген Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеӊештин командасына 2-даражадагы диплом жана 8 миӊ сом, үчүнчү орунду ээлеген «Таза Нарын» ишканасынын командасына 3-даражадагы диплом жана 5 миӊ сом, калган эки командага миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле ар бир команданын мыкты оюнчулары дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты.

Майрам шаӊын кесип ээлеринин арасынан чыккан таланттуу кызматкерлердин концерттик программасы кɵркүнɵ чыгарды.

Добавить комментарий