КОММУНАЛДЫК ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮНѲ КАРАТА СПОРТТУК МЕЛДЕШ

Бүгүн Нарын шаарында Тиричилик жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата спорттук мелдеш старт алды.

Спорттун волейбол, футбол, шахмат, теннис, аркан тартыш түрлɵрү боюнча ɵткɵрүлүп жаткан достук мелдешине Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин кызматкерлеринен, шаардык Кеӊештин депутаттарынан, «Таза Нарын», Нарын суу-канал, Жылуулук берүү, Калкка муниципалдык кызмат кɵрсɵтүү ишканаларынын эмгек жамааттарынан түзүлгɵн 5 команда катышып, күч сынашууда.

Мелдештин салтанаттуу ачылышында Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов жана Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова коммуналдык чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, командаларга ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш быйыл экинчи ирет салт катары ɵткɵрүлүп жатат.

Цивилизацияга жеткен бардык адамзат коомунун турмушунда тиричилик жана коммуналдык кызматка болгон муктаждык негизги орунда тураары белгилүү. Андыктан коомго эӊ зарыл жана түйшүктүү кесипти аркалап келе жаткан кесип ээлерине бекем ден соолук, узун ɵмүр, үй-бүлɵлүк бакыт-таалай, түйшүктүү иштерине ийгиликтерди жана спорттук мелдеште жеӊиш кааламакчыбыз.

Добавить комментарий