КООМДУК ЖАЙЛАРГА ЗЫЯН КЕЛТИРГЕНДЕР АНЫКТАЛДЫ

Нарын шаардык ички иштер бɵлүмү тарабынан шаардагы коомдук жайларга зыян келтирген фактылар аныкталып, бул тууралуу Нарын шаардык мэриясына билдирилди.

Алсак, 2018-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына караган түнү Нарын шаарынын Городок аймагындагы «Жаштар» гүлбагында жайгашкан «Нарын» айкелинин А тамгасы белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Бул факты боюнча ыкчам иликтɵɵ иштеринин жүрүшүндɵ Нарын шаарындагы №5-К. Жакыпов атындагы орто мектептин окуучу кыздары К. А., К. Б. жана 2001-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну Б. Ш. аттуу кыздар талкалагандыгы аныкталып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдɵ.

Ошондой эле 2018-жылдын 4-ноябры күнү түнкү саат 02.00 чамасында Нарын шаарынын тургуну Мырзакунов Эрболдун Субару Легаси үлгүсүндɵгү автоунаасын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу арыз түшкɵн. Аталган факты боюнча жүргүзүлгɵн ыкчам иликтɵɵ иштеринин жүрүшүндɵ Нарын шаарынын тургуну, 1999-жылы туулган Аманбек уулу Жылдызбек кармалып, ал жогорудагы автоунааны айдап качып баратып Нарын шаарынын Городок аймагындагы «Жаштар» гүлбагынын тосмосун сүзүп токтогону аныкталган. Бүгүнкү күндɵ бул факты боюнча да тергɵɵ кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары, 2018-жылдын 27-сентябры күнү Нарын шаарынын «64» аймагындагы Московский, Ат-Башы кɵчɵлɵрүнүн кесилишиндеги «Таза Нарын» ишканасына караштуу жол чырагын белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул боюнча Нарын шаарынын тургуну Бектурганов Эркин Бектурганович ɵзүнɵ тиешелүү Мерседес-Бенц үлгүсүндɵгү автоунаасы менен сүзүп кеткендиги аныкталып, Э. Бектурганов келтирилген чыгымды толугу менен калыбына келтирген.

Бүгүнкү күндɵ шаардын борбордук аянтындагы гүл челектерди сүзүп кеткен жана «Смарт» парктагы отургучту талкалап кеткен фактылар боюнча иликтɵɵ иштери жүрүп жатат.

Ѳзүӊүздɵр билгендей, коомдук жайларды кɵрккɵ келтирүү, элге ыӊгайлуу шарт түзүп берүү кɵптɵгɵн эмгекти, каражатты, убакытты талап кылат. Шаарыбыздагы жаӊыдан жасалып, кол бармак түгүл кɵз тойо элек нерселерди четинен кайра талкалай баштаганыбыз, болгондо да кыздар талкалап кеткени абдан уят.

Коомдук жайлар-жалпы элдин менчиги. Ал жерге баарыбыз барып эс алууга, пайдаланууга укуктуубуз. Андыктан коомдук мүлккɵ да ɵз үйүбүздɵгүдɵй аӊ-сезим менен аяр мамиле кылганга үйрɵнсɵк, бири-бирибизди ушуга үндɵсɵк жакшы болоор эле…

Мындан ары жогорудагыдай маселелер тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алынып, коомдук мүлккɵ зыян келтиргендер мыйзам алдында жоопко тартылаарын эскерте кетмекчибиз.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий