«КООМДУК ЖАЙЛАРГА ѲЗ БУЮМУБУЗДАЙ АЯР МАМИЛЕ КЫЛСАК!!!»

Бүгүн, Нарын шаарындагы «Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов журналисттер үчүн маалымат жыйынын ɵткɵрүп, коомдук жайларга аяр мамиле кылуу боюнча коомчулукка чакырык жасады.

Ал ɵз сɵзүндɵ: -Шаардын ичиндеги мейли жол же парк, сейил бактар, гүлдɵр, түнкү жарык болсун, баардык нерсеге аяр мамиле кылууну үйрɵнсɵк жакшы болот эле. Себеби элдин эс алуусу, муктаждыгы үчүн жасалып аткан жумуштарга канчалаган  суммадагы каражат жана күн-түнү тыным албаган эмгек жумшалууда. Коомдук жайлар баарыбызга тиешелүү. Тилекке каршы, ушуну түшүнбɵй айрым адамдар кайдыгер, маданиятсыз мамиле кылып, тебелеп-тепсеп,  бир жагын бүтɵй албай жатсак экинчи жагын талкалап-бүлүндүрүп жатканы абдан ɵкүндүрɵт. Ошол себептен Нарын шаарынын жалпы коомчулугун жана меймандарын коомдук жайларыбызга ɵзүбүздүн буюмубуздай этияттык менен мамиле кылууга чакырам,-деп кайрылды.

Алмаз Суранов муну менен катар Нарын шаарынын коомчулугунун кɵӊүл борборунда болуп жаткан Сейитаалы Жакыпов атындагы «Смарт парк» тууралуу маалымат берип:

-С. Жакыпов атындагы «Смарт парк» 2016-жылы Ага-Хан ɵнүктүрүү фонду тарабынан толук реконструкцияланып, шаар элине пайдаланууга берилген. Заманбап эс алуу жайы 2018-жылдын 1-январынан баштап «Таза Нарын» ишканасынын карамагына ɵткɵрүлгɵн. Учурда паркты үч кароолчу карап, тазалап, сугарып, чɵптɵрүн текшилеп, кɵзɵмɵлгɵ алып турат. Ѳзүӊүздɵр күбɵ болгондой, жакында түн ичинде отургучун сындырып кетишти.  Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Иликтɵɵ иштери жүрүп жатат. Муну жасагандар кармалса албетте мыйзамдуу чара кɵрүлɵт.

Бирок мени элдин мамилеси таӊ калдырды. Себеби ошол отургучтарды атайын келип катуу нерсе менен чаап  сындырышыптыр. Отургучту убактылуу жыгачтан жасап оӊдоп койдук. Бирок андан башка да бир топ сейил бактар бар, жаӊылары жасалганы турат. Ошолорду да жасап алып талкалап салсак кандай болот?! Бул элдин, шаардын менчиги да. Ушуну түшүнбɵгɵндɵргɵ жүрɵгүм ооруйт,-деди.

Ошондой эле журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берип, жасалып жаткан жумуштар тууралуу кеӊири маалымдады.

 

Добавить комментарий