КООМДУК МОНЧОНУ ЖАКЫНКЫ УБАКЫТТА ИШТЕТҮҮ ҮЧҮН ОҢДОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын шаарындагы коомдук мончону ишке киргизүүнүн үстүндө иш алып барууда.Буга чейин К. Тутуев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда көпчүлүк тургундар коомдук мончону иштетип берүүнү айтышкан.Жергиликтүү тургундардын суранычын эске алуу менен мончону ишке киргизүү аракетин баштап, шаардык транспорт ишканасына чарбалык башкарууга берилип, азырынча жууну жайын ишке киргизүү үчүн тийиштүү жумуштар жасала баштады. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат каралат.Ошол эле учурда калаа жетекчиси мончону капиталдык оңдоодон өткөрүү максатында долбоор даярдап, каржы булагын издештирүүдө.Бүгүн бул маселе боюнча Президентинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаевге маалымат берилип, каражат жагынан көмөк суралды.

Добавить комментарий