Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын өкүлдөрү Нарын шаарында болушту

Бүгүн 1-июлда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) өкүлдөрү Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Коомчулук менен жолугушууга КТРКнын жетекчилиги жана Байкоочу кеңештин өкүлдөрү, чыгармачыл студиялардын кызматкерлери катышышты.

Иш-чара КТРКнын берүүлөрүнүн сапатын жана мазмунун жогорулатуу максатында, корпорациянын радио угуучулары жана телеканалдарынын көрүүчүлөрү менен чогуу талкуулоо, алардын сын-пикирлерин угуу үчүн уюштурулду.

Жыйында коомчулук тарабынан берүүлɵрдүн мазмунун жакшыртуу, спорт, тарыхый эстеликтер, жаштарга тарбиялык мааниси бар берүүлɵрдү даярдап чыгаруу жана башка сунуштар айтылды.

Ошондой эле спорттук баяндамачыларга, айрым дикторлордун дарегине сын-пикирлер айтылып, «Ала-Тоо» жаӊылыктар топтомдоруна «Би-Би-Синин» маалыматтарын жана Экономика бɵлүгүн кошпой, ɵзүнчɵ телеберүү катары чагылдыруу сунушталды.

Белгилей кетсек, жолугушуунун  жүрүшүндɵ  катышуучуларга атайын анкета таратылып, КТРКнын ишине баа берүү боюнча коомдук сурамжылоо жүргүзүлдү.

Добавить комментарий