Коопсуздукту биргелешип камсыздоо-маектешүү аянтчасы

Бүгүн, 12-февралда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында «Реформалар жана жыйынтык үчүн» жарандык союзу тарабынан тегерек стол уюштурулуп ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз кызматы билдирет.

Алгач, үстүбүздɵгү жылдан тартып, бардык облустарда Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында ɵзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган маектешүү аянтчасын түзүүнүн максаты жɵнүндɵ презентация кɵрсɵтүлдү.

Тегерек столдун негизги максаты-кɵйгɵйлүү маселелердин болушунча ылайыктуу чечимдерин биргелешип издɵɵ болуп эсептелгендиктен, шаардагы коомдук коопсуздук менен байланышкан ɵтɵ курч болгон кɵйгɵйлɵр аталды.

Ошондой эле маектин жүрүшүндɵ милиция, жергиликтүү ɵзүн башкаруу органдары жана жарандык коомдун бирдиктүү аракеттеринин негизинде, калктын коопсуздугу боюнча маселелерди чечүү туурасында катышуучулар тарабынан ой-пикирлер талкууга алынып, орун алган кɵйгɵйлɵрдү айтуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, аларды чечүү жолдорун бирге издɵɵ сунушталды.

Бул семинарга Нарын шаардык мэриясынын жана Кеӊешинин, ички иштер бɵлүмүнүн  кызматкерлери,  аксакалдар сотунун, кеӊешинин ардагерлери , жаштар уюмунун мүчɵлɵрү, чɵлкɵм башчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышышты.

Добавить комментарий