“КООПСУЗДУК-2019” КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ИШ ЧАРАСЫНА АКТИВДҮҮ КАТЫШКАНДАР СЫЙЛАНДЫ

27-июнда Нарын облусунун аймагында өтүп жаткан “Коопсуздук-2019” аталышындагы биргелешкен командалык- штабдык жана мобилизациялык машыгуу иш чарасы ийгиликтүү аяктады.

Машыгууну жыйынтыктаган салтанаттуу жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев тарабынан иш чарага жакшы баа берилип, күч түзүмдөрү, укук коргоо органдары жана жергиликтүү башкаруу органдары өз ара биримдикте аракеттенүү менен берилген бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткара алышкандыгы баса белгиленди.

Өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү машыгуунун пайдалуу болгондугун айтып, анын натыйжасы менен курч абал жаралган шарттарга карата теориялык жана практикалык билимдерге ээ болушкандыгын билдиришти.

Жыйында машыгууга активдүү катышкан жана көмөк көрсөткөн кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацияларынын сыйлыктары ыйгарылды.

 

Добавить комментарий