КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТЕ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУК КАРАЛДЫ

Нарын шаарынын аймагында үй бүлөлүк зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын «Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамын, КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 «Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” токтомун аткаруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө координациялык кеңештин отуруму өттү.Отурумга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаарынын прокурору Мелисбек Жорбонов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын жетекчиси Жеңиш Мамбетказыев,мектеп директорлору, Нарын шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, мектепке тартылбай калган учурларды, үй бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу иштеринин жеткиликтүүлүгү талкууга алынып, тийиштүү кызмат башчыларына бул багыттарда ишти жакшыртуу тапшырылды.Отурумда төрагалык кылган Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарындагы өспүрүмдөр арасындагы бейбаштык боюнча “ медиаХабдын” изилдөөлөрүндөгү маалыматтарды тактап, изилдөө менен мыйзам чегинде иш алып барууну жана өспүрүмдордүн коопсуздугу үчүн керек чараларды көрүүнү айтты.Отурумда буга чейинки аткарылып жаткан иштердин жеткиликтүү эместиги айтылып,тийиштүү тармак кызматкерлерине чара көрүүлдү .

Добавить комментарий