КРнын КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ТҮЗҮЛГӨНҮНӨ 30 ЖЫЛ ТОЛУП, 28-МАЙ ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ белгиленди

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөнүнө 30-жылдын толушуна жана 28- май чек ара кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш чара өттү.Майрамдык иш чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Алимбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери ардагерлери, чек арачылар,чек ара кызматынын ардагерлери жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.«Өткөн кылымдарда кыргыз эр азаматтары ат жалында шамал менен тең жарыша ойношуп, жаа тартып, найза сайып элибизди душмандардан коргоп келген болсо,бүгүнкү минута сайын өнүгүп бараткан 21-кылымда эң мыкты уул кыздарыбыз бабалар жолун жолдоп, баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн тобокелге салып куралдарын асынып, танкаларын минип мамлекеттин бүтүндүгү, элибиздин коопсуздугу үчүн тынбастан кызмат кылып келе жатасыздар.Кооптуу ошол эле учурда сыймыктуу ишиңиздерде ийгилик, үй бүлөңүздөрдө аманчылык, мекенибизде тынчтык болсун! Майрамыңыздар менен куттуктайм-«деди. шаар мэри К. Тутуев өз куттуктоосундаКалаа башчысы алдынкы кызматкерлерди «Ардак грамота, Грамота жана Ыраазычылык каттары мененсыйлады.

Добавить комментарий