КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы эл менен жолугуп, көйгөйлөрдү укту

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбеков Нарын шаарына болгон иш-сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын коомчулугу жолугушту. Бул тууралуу  мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жолугушуу Нарын шаарындагы Жаштар үйүнүн жыйындар залында өтүп, ага Нарын облусунун активи жана шаар тургундары катышышты.

Анда коомчуулук тарабынан саламаттык сактоо, билим берүү жана башка тармактарда орун алган көйгөйлөр, таза-суу, кадр, медициналык жабдуулар, социалдык турак-жай жана башка маселелер боюнча суроолор берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча талкууланды.

Добавить комментарий