КР Мамлекеттик кадр кызматына 10 жыл

20-июнда, Нарын шаарынын «Жаштар ордосунда»,  23-июнь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иштем кызматкерлеринин күнүнɵ жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата салтанаттуу майрам белгиленди.

Иш чарага КР мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат ɵтɵɵ бɵлүмүнүн башчысы К.Алышпаев, Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов, шаар, район жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер катышышты.

Салтанаттын башында чакан видеоролик кɵрсɵтүлүп, анда Түндүк аймактык ɵкүлчүлүгүнүн Нарын облусу боюнча бɵлүмү тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканы, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чɵйрɵсүндɵ мыйзам актылардын аткарылышына кɵзɵмɵл, усулдук жардам кɵрсɵтүү боюнча мониторингдердин жүргүзүлүшү, мониторингдин жыйынтыктары, ошондой эле Нарын шаарындагы тестирлɵɵ борборунун иши жана компьютердик тест кызматка кирүүдɵ эӊ бир калыс, сыналган жол болуп калганы тууралуу маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндɵ мамлекеттик кызматтын алдынкыларына ɵкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн, шаардык мэриянын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана профсоюз уюмунун Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Ал эми майрамдык иш чара атайын концерттик программа менен коштолду.

Добавить комментарий