КР ПРЕЗИДЕНТИ ЫМЫРКАЙЛУУ БОЛГОН ПАМИРЛИК ҮЙ БҮЛӨГӨ ҮЙ БЕЛЕК КЫЛДЫ

КР Президенти Памирден келген кыргыз Жээнбек уулу Абдыбаиттин Кыргызстанда төрөлгөн Алмазбек деген уулуна 6 бөлмөлүү үйдү белек кылды. Бүгүн 8-ноябрь күнү, үйдүн ачкычы менен тамдын тийиштүү документтерин президенттик аппарат башчысынын орун басары  М.Абулгазиев  тапшырды. Ал үй бүлөнү жаңы конушу менен куттуктап, Президент А.Атамбаевдин атынан каалоо тилектерди жолдоду. Ѳз кезегинде үй бүлө башчысы Жээнбек уулу Абдыбаит да өлкө башчысына жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан облус, шаар башчыларына, эл-журтка ыраазычылыгын билдирди.

М.Абулгазиев ымыркайдын апасы Жанбүбү Маматзайым кызы менен да учурашып, кичинекей Алмазбектин төрөлүшү менен куттуктады. Памирлик үй бүлөгө белекке берилген турак-үй Нарын шаарындагы Ак Коргон аймагында жайгашкан.

Добавить комментарий