Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариев Нарын облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Ѳкмɵт башчысы ɵзүнүн Нарын облусуна болгон эки күндүк иш-сапарынын алкагында Сон-Кɵл жайлоосундагы малчылар менен жолугушуп, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун ремонту, Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери, шаардын ички жолдорунда жүрүп жаткан оӊдоп-түздɵɵ иштери менен жакындан таанышты.
Премьер-министрдин экинчи күнкү иш-сапары Нарын районунун Алыш айылында салынып жаткан орто мектептин имаратын кɵрүү, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу жана Нарын жылуулук берүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу менен улантылат.