КУЛАКТАНДЫРУУ!!! УРМАТТУУ ЖАРАНДЫК КООМДУН АКТИВДҮҮ МҮЧӨЛӨРҮ!

Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого ылайык, Нарын шаардык мэриясы Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында сынак жарыялайт.

Сынакка социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндө балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш тажрыйбасы бар жарандык коомдор катыша алышат.

Талапкерлер Нарын шаардык мэриясына жеке арыз, паспорттун көчүрмөсүн, резюме жана эмгек китепчесинин көчүрмөсүн 2017-жылдын 25-августуна чейин тапшырсаңыздар болот. Байланыш телефону: 5-14-35.

Добавить комментарий