Кут болсун Нооруз майрам — жаңылануунун, жандануунун жышааны!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

21-март күнү саат 8.30 дан тарта  аянтта патриоттук ырлар жаңырып, шаар тургундары жана райондордон келген коноктор борбордук аянтка чогулуп, унаа кыймылы токтотулду.

Саат 10-00 до майрамдык иш чаранын салтанаттуу  бөлүгү башталып, аны шаардын мэри Р.Адиев ачып, Нарын шаарынын тургундарын жана меймандарын жаратылыштын жаңылануусун, жандануусун жар салган, кыргыз элибиздин тарыхы менен бирге кылым карыткан, ыйык Нооруз майрамы менен куттуктап, ар дайым меймандос, кеӊ пейил, кɵтɵрүмдүү теӊиртоолуктар деген атка татыктуу болуп  жүрɵ бериӊиздер деген каалоо тилектерин жолдоду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле облус жетекчиси А.Кайыпов жана тениртоолуктарды куттуктоо үчүн келген КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Акматовдор Нооруз майрамдары менен калың журтту куттуктап, токчулук, молчулук жана бакты-таалай каалашты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Андан кийин театрлаштырылган оюн-зоок тартууланып, анда маданият кызматкерлери, студенттер жана мектеп окуучулары тарабынан жаздын келишин тосуп алуу, жер энеге амал кирип, жанданып, бак–дарактарга бүчүр байлап, дыйкандардын жер айдоого камынып жатканын, Нооруз майрамын элибиз ыр-бий менен шаңдуу тосуп аларын көрсөтүп кетишти. Ага улай облустук театрдын, маданият бөлүмүнүн жана Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинин кызматкерлери тарабынан чоң программадагы  концерт  берилди.  Атайын Бишкек шаарынан келген белгилүү ырчылар Элзар Ѳскөнбаева, Акбар Сүйүнбаев жана  Алтынбек Каленовдор шаардыктарга өзгөчө маанай тартуулашты.

Борбордук аянтка майрамдык оюн зооктон тышкары улуттук тамак аштардын  жана кол өнөрчүлүктүн  көргөзмөсү уюштурулду. Мыктыларына атайын акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Мындан сырткары кайрымдуулук тамагы (плов) даярдалып жалпы коомчулукка  бекер таратылды.

Ошондой эле майрамдын  жүрүшүндө Нооруздун негизги символу болгон сүмөлөк жана көжө борбордук аянтка келген адамдарга таратылды.

Ал эми саат 12.00ден  тартып  “Ала-Тоо” стадионунда  Нооруз майрамына карата спорттун чоюн көтөрүү, кол күрөш, аркан тартыш, ордо түрлөрү боюнча мелдештер  өткөрүлүп, элдик сейилдөө улантылды.

 

 

Добавить комментарий