КЫЗЫЛ СЫЗЫККА ЧЫГЫП КЕТКЕН КУРУЛУШТАР ЖОЛ ОҢДООГО ТААСИРИН ТИЙГИЗИП ЖАТАТ

Нарын шаарындагы С.Орозбак көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар жолду оңдоодо тоскоолдуктарды жаратууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Учурда С.Орозбак көчөсүндөгү (Ак-Мөөр көчөсүнөн баштап Ленин көчөсүнө чейин) жолдун  эски катмарын сыйруу жана түздөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин чектен чыгара, мыйзамсыз ар кандай курулуштарын жайгаштырып алган көчөнүн жашоочулары менен жеринде  түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ага карабастан аталган көчөнүн айрым жашоочулары жол жасоого байланышкан жагдайларды туура  түшүнүү менен кабыл алып, курулуштарын бузуп, ордунан алып жатышса, кээ бирлери каршылык көрсөтүп, дубалдарды ыктыярдуу жылдыруудан же алуудан баш тартышууда.

Туурасы 7 метр болуп түшө турган жол үйлөрдүн дубалына чейин тийип өтүп жатса да кайдыгер караган жарандарга, жөө адамдардын коопсуздугу үчүн  жол боюнда эл баса тургандай аллеяларга орундар калтырылышы керектиги түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары кызыл сызыкка чыгып кеткен үй ээлерине шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан билдирүүлөр таратылды.

Анда 10 күндүн ичинде жашоочулар талаптарды аткарбаса, тиешелүү мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актыларга ылайык, мыйзамсыз жол жээгиндеги курулуштар жергиликтүү бийлик тарабынан алынаары эскертилди.

Добавить комментарий