«КЫЛЫМ СҮРҮП ЖАШАП КЕЛЕТ НАРЫНЫМ»

Жакында Нарын шаарындагы Ж. Коӊурбаева атындагы китепканада Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата «Кылым сүрүп жашап келет Нарыным» темасынын алдында  «Китепканадагы кадыр кеч-2018» адабий музыкалуу кечеси ɵткɵрүлдү.

Кече китепкананын усулчусу Нуржан Токтобекова тарабынан ачылып, «Нарын шаары ɵнүгүү жолунда» аттуу фото сүрɵттɵрдүн тактасына жана «Нарын шаары мезгил агымында» аталышындагы китеп кɵргɵзмɵгɵ китепкана кыматкерлери тарабынан баяндамалар жасалды.

Жергиликтүү акын, жазуучулардын Нарын шаары тууралуу  чыгармалары, ошондой эле С. Нааматов атындагы НМУнун студенттеринин, №8-А. Буйлаш уулу, №9-А. Садыков атындагы орто мектептердин окуучуларынын шаарыбыздын басып ɵткɵн жолу, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу жазылган эсселери кɵркɵм окулду.

Нарын шаардык мэриясынын бɵлүм башчысы Нурлан Кайыпов шаардын азыркы мезгилдеги экономикалык ɵнүгүү кадамдары тууралуу маалымат берди.

Китепканадагы кадыр кечте шаардагы улуттар аралык ынтымак, кызматташтык, теӊир тоолук таланттуу инсандар тууралуу да кеӊири сɵз болуп, жагымдуу ыр-күүлɵр менен коштолду.

Маданий иш чара коомчулук үчүн Нарын шаарынын 150 жылдык тарыхынын урунттуу учурларын ар тараптан ачып, баалуу маалыматтар менен камсыздады.

 

Добавить комментарий